Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз Каржы министри Адылбек Касымалиевге кайрылып, маданият чөйрөсүнө көп көңүл бурууга чакырды.
«Биз 18 миллион долларды ЖЭБдин түтүктөрүн оңдоо үчүн короттук. Канчалаган сумма Тарых музейинен желип кетти. Бирок, маданиятка келгенде эле акча жок болуп калат», — деди депутат.
Садык Шер-Нияз Тарых музейинин ремонту тууралуу айтып жатып, жакында Кыргызстан Гиннестин китебине кириши мүмкүн деди. Айтымында, эми тарыхтан уурдап башташты.
«Сиздер маданиятка болгон мамилени өзгөртүшүңүз керек. Эл ансыз болушу мүмкүн эмес», — деди депутат. Айтымында, учурда өлкө аймагында СССРдин 4 эл артисти жашайт. Алардын пенсиясы өтө аз.
«Мен 3 жылдан бери пенсияларын көбөйтүүнү суранып келем, бирок жыйынтык жок», — деди Садык Шер-Нияз.