Орусияда каза болгон кыргызстандык жарандардын туугандары компенсация катары 50 миң сом алышат. Бул тууралуу журналисттерге ТИМдин Консулдук кызмат департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, биринчи жарым жылдыкта чет жерде иштеп каза болгон 128 кыргызстандыктын сөөгү алынып келинген. Орусиядан 90 жарандын сөөгү мекенине келген.