USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Президент: Ишкерлер бийлик бутактарынан кандай жардамдарды күтөт, ачык айткыла

10:33, 17 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

«Экономиканы мындан ары өнүктүрүү үчүн ишкерликке эмне керек, сиздерди колдоо үчүн бийлик бутактарынан кандай жардамдарды күтөсүңөр, мына ушуну билгим келет», -деди президент Сооронбай Жээнбеков чакан жана орто ишкерликтин өкүлдөрү менен кезигип жатып.

Айтымында, жакында эле Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясы кабыл алынды. Мамлекет башчысы келечекте атаандаштыкка туруштук бере ала турган экономиканы куруш керетигин баса белгиледи.

«Биз баардыбыз бирге иштешибиз керек. Бүгүнкү жолугушуунун негизги максаты-өлкө экономикасынын өнүгүү маселелерин ачык талкууга алуу. Ишкерлердин абалын, ортодо пайда болгон курч көйгөйлөрдү ортого салышыбыз керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18