Криминалдык милиция мурунку башкы прокурор Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмүнө тиешеси бар делген 3-кылмышкерди кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 30 жаштагы Заур Насруллаев Екатеринбургдан кармалды.
«Орусиянын тиешелүү органдарына кылмышка шектүүнү экстрадиция кылуу тууралуу материал жиберилди», — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Улан Саляновду былтыр 5-ноябрда өз үйүнөн өлтүрүп кетишкен. Кылмышкерлер эч нерсе алышкан эмес.