Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда катталган катуу шамал турак үйлөрдүн жана чарбалык курулуштардын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, шамалдын ылдамдыгы секундасына 13-15 метрге жетти.
Катуу шамал Ак-Муз жана Талды-Суу айылдарында жайгашкан 6 турак үйдүн жана 2 чарбалык курулуштун 26 даана шиферин, 85 чарчы метр туникесин учурган.