Талас районунун Талды-Булак айылында 1-августта куюн аралаш каттуу шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ылдамдыгы секундасына 20-26 метрге жеткен шамал 1 турак үйдүн чатырын, 2 даана электр карагайын кулатып, электр зымдарын үзүп кеткен.
Райондук электр тармактар ишканасынан 1 бригада тартылып, үзгүлтүккө учураган электр энергиясын толугу менен калыбына келтирди.