11:03
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жакынкы 5 жылда 22 шаардын борборлорунун ичүүчү суу тармактары оңдолот

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен биргеликте калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо долбоорлорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалым болгондой, жакынкы 5 жылда 653 айылдын, 22 шаардын жана 26 райондун борборлорун ичүүчү суу жана саркынды суу тармактарын куруу жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүү милдеттери турат.

«Учурда өлкө калкы ичүүчү таза суу менен толук камсыздалган эмес. Мындай жагдай жугуштуу оорулардын өсүү тобокелдигине алып келет, айрыкча айыл жергесинде жашаган жарандар үчүн. Ошондуктан жакынкы жылдары биз калкты ичүүчү таза суу менен толук камсыздоо милдетин чечүүгө тийишпиз», — деп Замирбек Аскаров.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күнү Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы Кыргыз Республикасынын 16 шаарында жалпы суммасы 11 миллиард 384 миң сомду түзгөн долбоорлор ишке ашырылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар