Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата, режиссер Мухтар Атаналиев «Айтматовдун каармандары 60 жылдан кийин» аттуу 10 мүнөттүк кинороликтерди тартат. Бул тууралуу режиссер 24.kg агенттигине билдирди.
Айтымында, киноролик 3 бөлүктөн турат. Анда «Бетме-бет», «Жамиля», «Ак кеме» тасмаларында тартылган баш каармандардын 60 жылдан кийинки кездешүүсү тууралуу сюжет болмокчу.
«Негизи 4 бөлүктөн турмак, тилекке каршы «Кызыл жоолук жалжалым» тасмасында Ильяздын ролун аткарган актер Дүйшөн Байдөбөтов каза болуп калгандыктан, 3 гана бөлүк тартыла турган болду. Учурда тартуу иштеринин 30 пайызы аяктап калды. Октябрдын соңунда роликтер толугу менен бүтүп, элге тартууланат», -деди Мухтар Атаналиев.