«Кино жана өспүрүм» долбоору жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардагы каармандар менен жолугушуу кинокербенин баштайт. Бул тууралуу аталган долбоордун жетекчиси Булан Бектеналиев 24.kg агенттигине билдирди.
Айтымында, кинокербендин жүрүшүндө каармандар мектеп окуучулары, студенттер менен бетме-бет жолугушат. Буга чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында уюштурулган иш-чара эми Нарын жана Ысык-Көл облустарында өтмөкчү.
«3-класстан жогорку класстарга чейинки окуучулар катыша алышат. Иш-чара жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулууда», -деди долбоордун жетекчиси. Анын билдиргенине караганда, 20 миңдей жаштар кинокербендин катышуучусу болду.
Иш-чарага актерлор КР эмгек сиңирген артисти Бусурманкул Одуракаев, КР Эл артисти Чоро Думанаев, «Ак кемеде» баланын ролун жараткан Нургазы Сыдыгалиев жана «Жамиля» тасмасында Сейиттин ролун аткарган Насирет Дубашев катышат.