15:40
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум кийинкиге жылдырылды

Мурунку башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча кийинки соттук отурум 20-сентябрда болот. Соттук кароо залга соттолуучу Эрмек Осмонкулов алынып келинбегендигине байланыштуу кийинкиге жылдырылды. 

Маалым болгондой, ЖАМК соттолуучуну № 1 тергөө абагынан райондук сотко алып келиши керек эле, бирок, конвоирлер аталган жайга барганда соттолуучу УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткандыгы аныкталган.

Соттук отурумдун катышуучулары кийинкиге жылдыруу маселесине нааразычылыгын билдиришти. Алар Оштон бери келип-кетүү оңой эместигин айтышууда.

Эске салсак, 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз бирөөлөр өз үйүнөн атып качып кетишкен.

«Эки шектүү кармалды, бирөө Бишкектен, экинчиси Москвадан. Учурда экинчи кылмышка шектүүнү экстрадиция кылуу иштери жүрүп жатат. Керектүү материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди. Ал эми 3-кылмышка шектүү изделип жатат», —деп билдиришти ИИМден.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби