04:15
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте мектеп жана бала бакчалардын ашканалары текшерилди

Бишкек мэриясынын аткаминерлери жана жарандык активисттер эч кандай эскертүү бербестен мектептердеги балдардын тамак-ашын текшеришти. Бул демилгени шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев көтөрүп чыкты.
 

Мэриянын маалыматы боюнча, Балбак Түлөбаев менен укук коргоочулар Анара Дауталиева жана Калича Умуралиева шаардагы билим берүү мекемелерин кыдырышты.

Алар № 2 мектептин жана № 28 балдар бакчасынын ашканаларын текшеришти. Анда бир канча эреже бузуулар катталды. Айрыкча, менюда газдалган суусундуктар, муз таттуулары, химиялык кошулмалары бар мармелад орун алгандыктан, тиешелүү жетекчиликке чара көрүүнү тапшырды.

Маалыматка караганда, мектеп окуучулары күнүнө бир кишиге 14 сомдон 1 маал акысыз тамак ичишет.

Эң көп окулган жаңылыктар