16:39
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Депутат Кожобек Рыспаев КСДП партиясынын катарынан чыгарылды

Депутат Кожобек Рыспаев КСДП партиясынын катарынан чыгарылды. Бул тууралуу аталган фракциянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, депутат партиянын негизги максаттарына жана уставына каршы аракеттерди жасаган.

Кундуз Жолдубаеванын айтымында, депутат «КСДПнын партиялык ишмердүүлүгүндө өлкөнүн келечеги тууралуу сүйлөшүүлөр, тилектештик болгон эмес. Эгер Бишкек ЖЭБи боюнча КСДПнын күнөөсү далилденсе, мен бул партияда кала албайм, анткени биз бул партияда туугандашып жашаган жокбуз», — деп айткан.

«Андан сырткары Кожобек Рыспаев сөз жүзүндө Бишкек ЖЭБде болгон кынтык иштерге абдан каршы чыгып жатканы менен, бирок көпчүлүк «авариянын башкы күнөөкөрү» деп атаган Бишкек ЖЭБдин мурунку директору Нурлан Өмүркул уулун ачык эле колдоодо деген туруктуу пикир жаралууда», -деп кошумчалады ал.

Муну ал четке каккан жок жана Нурлан Өмүркул уулун дал ушул кызматка өзү сунуштаган. Мындан тышкары ЖЭБде кырсык болгондон кийин дагы экс-директордун «башынан бир дагы тал чач түшүрбөгөнүн» баарыбыз көрүп турабыз. Сурак берүүнүн ордуна Нурлан Өмүркул уулу дайыма Жогорку Кеӊештин пленардык жыйынында жана Кожобек Рыспаев жетекчилик кылган профилдүү комитеттин жыйындарына чакырыып келет

Кундуз Жолдубаева


Эске салсак, Жогорку Кеңештин регламенти жана «Депутаттын статусу тууралуу» Мыйзамга ылайык Кожобек Рыспаевди мандаттан ажырата алышпайт.

Эң көп окулган жаңылыктар