«Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулованын айтымында, Башкы штаб кореядан чыгарылган протезди сунуштап жатышат. Бирок, жабырлануучуга Германиядан чыгарылганы керек.
«Жабырлануучуга Германиядан жасалган протез алып берүү керек. Ал эки колунан тең ажырады. Башкы штаб компенсация маселесин чечип жатабыз дейт, бирок ал бир жолку эле жардам. Жоокер өмүр бою материалдык жардамга, дарыланууга жана турак жайга муктаж. Ага ким кам көрөт? Апасы дайыма эле анын жанында боло бербейт. Мамлекет ага кам көрө турган киши таап бериш керек», — деп эсептейт Азиза Абдирасулова.
Эске салсак, 19-августта № 30295 аскер бөлүгүнүн жоокери токко урунуп, кесепетинен эки колунан ажыраган.