13:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Tez Jet» аба компаниясы ишмердүүлүгүн 2 жумага убактылуу токтотту

Дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү Бишкек- Жалал-Абад багытындагы каттамдары жүргүзүп келген «Tez Jet» аба компаниясы ишмердүүлүгүн 2 жумага убактылуу токтотту.

Аталган компания 24.kg агенттигине мунун себебин түшүндүрүүдөн баш тартышты. Алар болгону ички жетекчиликтин буйругу боюнча учуу убактысы өзгөргөндүгүн гана айтышты.

Маалыматка таянсак, билеттерди жекшембиде Жалал-Абаддан Бишкекке же Бишкектен Жалал-Абадга учуу үчүн сатып алса болот.

«Тез Джет» учуактардын жетишсиздиги тууралуу маалыматты четке какты.

Эң көп окулган жаңылыктар