20:05
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Чакан насыялык компаниялардан карыз алгандардын саны 220 миң 500 кишини түздү

Акыркы алты ай аралыгында кыргызстандыктар алган насыялардын жалпы суммасы 10,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу  Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка караганда, чакан насыялык компаниялардан карыз алгандардын саны 220 миң 500 кишини түзгөн. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алардын саны 64,7 пайызга өскөн. 

"Чакан насыялардын негизги үлүшү 6 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө берилген. Бул берилген каражаттардын жалпы көлөмүнүн 52,2 пайызын түзөт. Карыз алуучулардын калган бөлүгү 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөт менен насыя алышкан. Аларга 4,2 миллиард сом берилген", -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар