08:23
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бактуу-Долоноту айылынын тургундары ичүүчү таза суу менен камсыз болушат

Ысык-Көл районуна караштуу Бактуу-Долоноту айылынын тургундары ичүүчү таза суу менен камсыз болушат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
 
Маалыматка караганда, аталган айылда орун алган 2 суу чыгаргыч мамлекеттик менчикке өткөрүлдү. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары аны өз карамагына алып, көзөмөлдөйт.
 

2004-жылы «Айылдык суу жабдыктары жана санитария» долбоорунун алкагында Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан 2 миңден ашуун тургун таза суу менен камсыз болгон. Учурда айылда 5 миңден ашуун жашоочу бар.

Эң көп окулган жаңылыктар