05:55
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Эл «Тазалык» мекемесинин кызматкерлеринин орой мамилесине нааразы болушууда

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары «Тазалык» мекемесинин кызматкерлеринин орой мамилесине нааразы болушууда.

Facebook баракчасына Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова нааразычылыгын билдирип жазып чыккан. Анын айтымында, аталган мекеменин кызматкерлери батирлерде жашаган тургундардан жеке маалыматтарын көрсөтүүнү талап кылышкан. Клара Сооронкулова эмне максатта мындай сурамжылоо жүргүзүлүп жатканына байланыштуу Бишкек мэриясынын токтомун көрсөтүп коюуну суранганда, келген кызматкерлер ага орой мамиле жасашкан.

«Тазалык» ишканасы 24.kg агенттигине билдиргендей, чындыгында эле көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундардын эсеби такталып жатат. Бул маалымат базасын жаңылоо максатында колдонулууда. Ал эми Клара Сооронкуловага орой мамиле жасаган кызматкерлер жоопо тартыла тургандыгын ишканадан билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар