USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын биринчи президентинин күмбөзүн зыярат кылды

09:07, 24 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Түркмөнстанга болгон мамлекеттик визиттин алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө барып, гүлчамбар койду. Мамлекет башчысы ошондой эле анын жанында жайгашкан мечитке кирип чыкты. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти. 

Маалым болгондой, Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Эгемендик Монументине гүлчамбар коюп, сыйлуу коноктордун багында көчөт отургузду. 

Визиттин программасына ылайык, Мамлекет башчысы Ашхабадда 2017-жылы өткөн жабык имараттагы Азия оюндарына карата 2015-жылы салынган Олипиадалык шаарчасын көрүп чыкты.

Визиттин соңунда Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Ашхабад текстиль комплекси менен таанышты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика