22:50
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жээнбеков: Кыргыз-түркмөн достугунун жаңы барагы ачылууда

Кыргызстандын жана Түркмөнстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Гурбангулы Бердымухаммедов бүгүн Ашхабадда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирүү жасашты.

«Бүгүн биз стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Декларацияга кол койдук. Бул эки тараптуу мамилелердеги тарыхый окуя болуп калат жана Кыргызстан менен Түркмөнстан достугунун жана кызматташтыгынын тарыхынын жаңы барагын ачат», — деп белгиледи кыргыз президенти.

Ошону менен катар Жээнбеков «бүгүнкү сүйлөшүүлөр кыргыз-түркмөн байланыштары бекемделсе жана бардык чөйрөлөрдө өнүксө деген жалпы маанайды ырасталганын» айтты.

Кыргыз президенти мамлекеттик сапар менен Ашхабадка бүгүн барган. Жыйынтыгында маданий-гуманитардык, билим берүү жана спорттук байланыштарды мындан ары өнүктүрүү жөнүндө жалпы макулдашууларга кол коюлганы кабарланды.

Эң көп окулган жаңылыктар