Быстроток каналына агып кеткен жарандын жансыз денеси Чоң Чүй каналынан табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 15-августта Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы Быстроток каналына 24 жаштагы жаран агып кеткен.
Аны издөөгө жалпы 20 куткаруучу тартылган.