22:08
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Подмосковьеде ууланган өзбекстандыктардын абалы жакшырууда

Өзбекстан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Подмосковьеде ууланган 26 өзбекстандыктын аты-жөнүн жарыялап, алардын абалы турукташканын билдирди.

Министрлик билдиргендей, ууланган жарандар 18-августта ар түрдүү тамак-аш жегенден кийин өздөрүн начар сезе башташкан. Өз алдынча дарылануудан майнап чыкпаган соң, 21-августта Тез медициналык жардам станциясына кайрылышкан. Уулангандардын 23ү ооруканага жаткырылды. Дагы бирөөсү «тез жардам» келгенче каза болсо, экөө ооруканага жатуудан баш тарткан. Аларга болжолдуу түрдө гастроэнтерит деген диагноз коюлду.

Учурда ооруканада жаткан 23 кишинин абалы жакшы.

Орусиядагы Өзбекстан элчилиги каза болгон өзбекстандыкты мекенине жөнөтүү боюнча иш алып барууда.

Орусиялык басылмалар өз булактарына таянып кабарлашкандай, өзбекстандык куруучулар 18-августта эле тамактангандан кийин өздөрүн жаман сезе башташкан, бирок ошол замат дарыгерлерге кайрылышкан эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар