00:59
USD 87.45
EUR 101.71
RUB 1.12

Астанада Чыңгыз Айтматов атындагы көчө ачылды

Казакстандын Астана шаарындагы бир көчөгө жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Бул аземге Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана казак премьери Бакытжан Сагинтаев катышты.

Астанадагы көчөгө Айтматовдун ысымы жазуучунун 90 жылдыгын белгилөө алкагында берилди.

Ушул күндөрү Астанада кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Анда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралууда.

Эң көп окулган жаңылыктар