05:55
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Президент фермерлерди ЕАЭБди экологиялык таза азыктар менен камсыздоого чакырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  Араван районундагы «Бирлик» үрөнчүлүк айыл чарба кооперативинин ишмердиги менен таанышты.  

Кооперативдин ишмердиги тууралуу маалыматты анын жетекчиси Хамидулло Тажибаев айтып берди.

Анын айтымында кооператив учурда айыл аймагынын территориясында мамлекеттик фонд менен ижара келишиминин негизинде 68,7 га жерди пайдаланып жатат. Кооператив 1996-жылы түзүлгөн, пахтанын жана дандын элиталык үрөндөрүн өстүрөт. 

Хамидулло Тажибаев «Бирлик» кооперативинде экономикалык көрсөткүчтөр өсүп жаткандыгын, алсак пахтанын түшүмү 2017-жылы гектарынан 32 центнерди түзгөн, ал эми 2016-жылы 29,7 центнер болгондугун белгиледи. Пахтанын үрөнү 2016-жылы 58 тоннаны түзсө, 2017-жылы 65,1 тоннага жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар