18:04
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкектин мектептери жаңы окуу жылына даярбы? Комиссия текшерүүдө

Бишкекте жаңы окуу жылына карата жалпы билим берүү уюмдарынын даярдыктарын текшерүү башталды. Мэрияда атайын комиссия түзүлдү. Анын курамына муниципалитеттин өкүлдөрү, укук коргоо органдары, ӨКМ жана санитардык эпидемиологиялык станциянын өкүлдөрү кирди.

Вице-мэр Асел Куламбаеванын билдиргенине караганда, мындай комиссия жыл сайын түзүлөт.

«Оңдоо иштеринен кийин мектептерди алгач райондук билим берүү борборлору текшерет. Андан кийин комиссия карап чыгат. Биздин максат, сырткы көрүнүшүн гана карап коюу эмес, коопсуздукту текшерүү. Мектептерде өрт калкандары барбы, камера орнотулганбы, кадрлар жетиштүүбү, окуу куралдары менен камсыз болобу, материалдык-техникалык базалары кандай, мына ушуларды карап чыгабыз», — деди ал.

Бул жылы мектептин ремонтуна шаардык бийлик 130 миллион сом бөлүп берген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума