Казакстан Коргоо министрлиги өлкө аймагы аркылуу Кытай аскердик техникалары Орусия полигонунда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) контртеррористтик машыгууларына катышууга бара жатканын кабарлады.
Министрлик билдиргендей, Кытай аскердик техникалары Достык-Актогай-Аягоз-Аул-Локоть каттамы аркылуу Орусиянын Челябинск облусундагы Чебаркуль полигонуна баратат.
Расмий маалыматтарга караганда, Кытай аскер техникаларын аймактык «Чыгыш» колбашчылыгынын кароолу коштоп жүрөт.
Августтун аягында өтө турган «Тынчтык миссиясы» машыгуусуна ШКУ өлкөлөрүнүн — Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай, Орусия, Индия, Пакистан жана Өзбекстандын үч миңден ашуун аскери жана 500дөн ашуун аскер техникасы менен курал-жарагы тартылат.
Казакстан куралдуу күчтөрүнүн аскер эшелондору машыгуу боло турган жерге 18-август күнү чыгат.