22:15
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Айтматовдун 90 жылдыгы. «Гүлсарат» чыгармасынын негизинде эстелик тургузулат

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Гүлсарат» чыгармасынын негизинен алынган эстелик тургузулат. Бул тууралуу курорттор жана туризм боюнча дирекциянын жетекчиси Кубанычбек Абдраков билдирди.

Учурда эстелик Орусиянын Свердлов облусунда кыргызстандык жана казакстандык скульпторлор тарабынан жасалууда. Жазуучунун 90 жылдыгына карата жасалып жаткан эстеликтин салмагы 4 тоннага жетет. Ал 25-августка чейин даяр болуп, Чолпон-Атага жеткирилет.

Эң көп окулган жаңылыктар