05:47
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Орусияда бүтүрүүчү биринчи жолу мамлекеттик сынактын жыйынтыгына каршы чыкты

Новосибирскте № 4 гимназиянын бүтүрүүчүсү Артем Веселов коом таануу сабагы боюнча Бирдиктүү мамлекеттик сынактын жыйынтыктары менен макул болбой, сотко кайрылды.

Бул тууралуу «Коммерсантъ» билдирди. Адвокат Ирина Гребнева мындай териштирүү Орусияда биринчи жолу болуп жатканын билдирди.

Артём Веселов коом таануу боюнча мамлекеттик сынак тапшырып, 88 балл алган. Ал үч тапшырма боюнча балл туура эмес төмөндөтүлгөн деп эсептейт. Тапшырма гиперинфляцияны аныктоо жана экономика тууралуу жатжазуу болгон. Бүтүрүүчүнүн окутуучулары анын пикирин колдошту.

Эсседе эгер бүтүрүүчү эки башка булактан мисал келтирсе жогорку эки балл коюлат. Веселов СССР менен Орусия экономикасын салыштырып, тарых курсунан жана жеке тажрыйбасынан мисал келтирген. Эксперттер эки мисал тең тарых курсунан алынган деп эсептешкен. Гиперинфляцияны ал Экономиканын жогорку мектебинин китеби боюнча аныктаган.

«Коммерсантъ» билдиргендей, бүтүрүүчү алгач аймактык комиссияга андан соң билим берүү министрлигине кайрылган. Эки жерде тең баалар туура коюлганын билдиришкен. Мындан соң Веселов сотко кайрылган.

Эң көп окулган жаңылыктар