21:48
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өзбекстанда кыз жигит поездге боюн ташташты

Сурхандарья облусунда 17 жаштагы кыз менен 20 жаштагы жигит поезддин алдына боюн ташташты. Маркумдардын туугандарынын айтымында, кыздын үй-бүлөсү алардын баш кошуусуна каршы болгон. Сурхандарья облусунун темир жол милициясы бул окуяны тастыкады.

10-августка караган түнү Кумкишлак айлында жашаган кыз менен жигит Термез — Кумкурган — Ташкент багыты боюнча бараткан поезддин алдына боюн таштап, мерт болушкан.

«Азаттыктын» өзбек кызматы билдиргендей, прокуратура бул факт боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кумкишлак айлынын активисттеринин биринин айтымында, кыздын атасы алардын никесине каршы чыккандыктан, жаштар өз өмүрлөрүнө кол салышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума