12-13-август күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, жайлоолордо жаандын карга айланышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге жетиши мүмкүн.
12-августта күндүз жана 13-августта абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт.