10:49
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өзбекстанда милиция башкармалыгынын жетекчиси өлтүрүлдү

Өзбекстандын Ички иштер министрлигине караштуу Пост-патруль кызматы жана коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Дилшат Акрамовду өлтүрүп кетишти.

«Азаттыктын» өзбек кызматы жергиликтүү маалымат булактарына таянып кабарлагандай, Акрамовдун сөөгү 4-августтун кечинде өзүнүн иш бөлмөсүнөн табылган.

Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, ал бычакталган. Кылмышты Башкы прокуратура иликтей баштады.

40 жаштагы Дилшат Акрамов аталган башкармалыкка быйыл июлдун башында жетекчи болуп дайындалган

Эң көп окулган жаңылыктар