09:11
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Акыркы 6 айда мектеп окуучулары тарабынан 255 кылмыш жасалган

Алтынай Өмүрбекова: Өспүрүмдөр арасында кылмыштардын санын кыскартуу үчүн балдарды көчөдөн тартып, аларга жеке өнүгүү шарттарын түзүп берүү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова айтып чыкты.

Анын айтымында, жашы жете элек балдар арасындагы кылмыштуулукка өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, ошондой эле адеп-ахлактык факторлор да таасир берет. Кылмыштарды алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштерге карабастан жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун статистикасы эки эсе өскөн.

«Спорт, музыка жана бий менен алектенүүгө шарттарды түзүү аркылуу балдарды көчөдөн тартуу керек. Балдар бош убактысын өздөрү үчүн жана жеке өнүгүүсү үчүн пайдалуу өткөрүүлөрү кажет», — деди Алтынай Өмүрбекова.

Эске салсак, 2018-жылдын 6 айында жашы жете электер тарабынан жасалган 955 кылмыштын 255ин мектеп окуучулары жасашкан. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 461ди түзгөн.

Бул мезгилде жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар 61ден 70ге чейин өскөн. Алты айда республика боюнча 40 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган.

Эң көп окулган жаңылыктар