15:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Токмоктогу мүрзөдө эркек кишинин жансыз денеси табылды

Токмок шаарындагы христиандардын мүрзөсүндө эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, табылган дене чирий баштагандыктан анын улутун жана жаш курагын аныктоо мүмкүн эмес.

«Анын денесинде кыйнап өлтүргөн тактар бар. Бою — 165-170 сантиметр, чачы кара, кыска. Маркумдун үстүндө кара түстөгү спорттук костюм, кара-көк түстөгү спорттук шым болгон», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар