05:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзбек бийлиги «адеп-ахлаксыз» тасма көрсөткөн телеканалды жапты

Өзбек бийлиги «зомбулук жана адеп-ахлаксыз көрүнүштөр» бар тасмаларды обого чыгаргандыгы үчүн Самарканддагы STV телеканалын жапты. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги өлкөнүн Маалыматтык технологиялар министрлигине шилтеме кылып жазды.

«Самарканддык STV телеканалынын иши белгисиз мөөнөткө чейин токтотулду. Андан тышкары Ташкенттеги Sevimli телеканалына катуу эскертүү берилди», — деп жазды агенттик.

Маалыматка караганда, телеканалды жабуу чечими Маалыматтык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун арттыруу боюнча координациялык комиссиянын жыйынында кабыл алынган.

Анда аталган телеканалдарга мониторинг жүргүзүү маалында улуттук менталитетке каршы келген, ошондой эле адеп-ахлаксыз көрүнүштөрү бар тасмалар жана музыкалык клиптер эфирге берилгени аныкталганы айтылды.

Эң көп окулган жаңылыктар