УКМК чагымчыл маалыматтарды текшерип жаткандыгын кабарлайт.
Маалыматта WhatsApp тиркемеси аркылуу улуттук кастыкты козгогон билдирүүлөр таркатылып жаткандыгы айтылат.
«WhatsApp жана башка социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козуткан аудио маалыматтар жайылууда. Мындай билдирүүлөр жана аны таркатуу Кылмыш кодексинин 299-беренесине каршы келет», — дейт УКМК.
УКМК мындай өңүттөгү маалыматтар боюнча укук коргоо органдарына кабарлоону өтүнөт.