07:21
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкектеги инфекциялык ооруканада бош орун жок

Бишкектеги республикалык инфекциялык ооруканада бош орун жок. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине башкы даарыгер Гүлжигит Алиев билдирди.

Анын айтымында, ооруканада жаткан 400 бейтаптын 328и жаш балдар.

«Бир күндө 302 адам кайрылган. Анын 105 жаткарылды. Кайрылгандардын жарымы ичи өтүп жаткандыгына арызданышкан», — дейт ал.

Учурда оорукананын жан берүүчү бөлүмүндө эки бейтап жатат. Даарыгердин билдирүүсүндө, экөө тең ахыбалы оор.

Эң көп окулган жаңылыктар