09:12
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте ичеги инфекциялары менен ооругандар көбөйдү

Бишкекте Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына ичеги инфекциялары менен ооруп кайрылгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине медициналык мекемеден билдиришти.

«Бир сутка ичинде 230-250 бейтап кайрылууда. Мурда кайрылгандардын ичинен ичеги инфекциялары менен ооругандардын саны 20-30 болгон болсо, учурда алардын саны 70ке жетет. Бейтаптардын абалына карап жарымына жакынын жаткызып атабыз. Негизинен жаш балдар. Албетте, бул биринчиден ата-энелердин күнөөсү. Балдарына көңүл бурушпайт, колдорун жуушпайт. Буга кошумча өспүрүм балдар жуулбаган жашылча, жемиштерди жешет», — дешти аталган мекемеден.

Негизинен ооруканага Бишкектен жана жакын жайгашкан райондордон бейтаптар кайрылышууда. Медиктер бул ооруу менен жабыркагандардын саны дагы өсө турганын билдиришүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар