16:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстан «Талибан» кыймылына каршы чек арага кошумча блокпостторду койду

Кыргызстан чек арага кошумча блокпостторду койду. Бул тууралуу маалымат жыйында мамлекеттик чек ара кызматынын төргасы Уларбек Шаршеев билдирди.

Анын маалыматында, жыл башынан бери чек арада Сириядагы куралдуу кагылыштарга катышып келе жаткан 12 адам кармалды.

«Борбордук Азиянын чек арасында «Талибандын» күчтөрү топтолуп жатканы белгилүү. Акыркы маалыматтар боюнча 10 миң аскер топтолду. Бул бизге дагы таасир бериши мүмкүн. Эгер Кыргызстандын аймагына кирип келүү коркунучу пайда болсо, чалгындоо тобу жөнөтүлөт. Азыр кошумча күзөт орнотулду», — деди ал.
Эскерте кетсек, 30-июнда талиптер Тажикстандын чек арасындагы Айханум портун басып алышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар