Январь-июнь айлары аралыгында республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө 34 миллиард 932,3 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдайт.
Бул былтыркы жылдын жарым жылдыгына салыштырмалуу 1 млрд 361 млн сомго көбүрөөк.
Бөлүнгөн акчанын 21,6 пайызы социалдык коргоого, 19,2 пайызы билим берүүгө, 9,2 пайызы саламаттык сактоого, 2 пайызы эс алууга, маданиятка жана динге сарпталды.