00:37
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен баланын сөөгү табылды

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 6 жашар Мишанын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, баланын жансыз денесин бүгүн эртең менен табышты.

«Баланын сөөгү Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынан табылды. Аны жергиликтүү тургундар таап алышкан», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 13-июлда 6 жашар Миша каналга түшүп кеткен. Анын сөөгүн издөө үчүн бир жума кетти.

Эң көп окулган жаңылыктар