6-күндөн кийин Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге жөнөп кетишет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ар бир учуучу топто 300 ажы сапар алат. Аларды 6 ажы башчылары коштоп бармакчы.
Билдирүүгө ылайык, ажыга бара турган жарандар учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 саат эрте аба майданга келип, каттоого даярдануусу зарыл. Зыяратчылардын акыркы тобу 7-августта жөнөп кетишет. Быйыл Бишкектен 6 каттам, Ош шаарынан 12 каттам жүргүзүлөт.