20:59
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Москвада жол кырсыгында набыт болгон кыргыздардын сөөгү бүгүн мекенине келет

Москвада жол кырсыгында набыт болгон кыргыздардын сөөгү бүгүн мекенине келет. Бул тууралуу диаспоранын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Анын маалыматында, эки кыргызстандыктын туугандары табылып, сөөктү жөнөтүүгө кагаздар даяр болду. Сөөк Ош жана Жалал-Абад облустарына жеткирилет.

«Дагы бир маркумдун туугандары кеч табылып калды. Учурда анын кагаздарын даярдап жатышат», — дейт ал.

Эскерте кетсек, 18-июль күнү Москванын түштүк-чыгышында жол кырсыгы катталып, 3 киши мерт кетти. Алардын баары Кыргызстандык жарандар болгон. Рулду 1998-жылы туулган айдоочу башкарып бара жаткан.

Жыл башынан бери чет өлкөдөн 12 «жүк 200» алынып келинген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума