19:55
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Сапат» түрк элчисинин айткандарына жооп кайтарды

Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемеси Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Мекеме тараткан маалыматта «Сапат» Кыргызстандын мыйзамы менен иштеп жатканы, Билим берүү жана илим министрлиги да анын түзүүчүсү болуп эсептелээри айтылган.

«Сапаттын» бардык билим берүү жайлары Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясына ээ жана каттоодон өткөн. Окуу программасы мамлекеттик стандартка ылайык келет жана аны Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен.

1994-жылдан тартып «Сапаттын» окуучулары эл аралык жана жергиликтүү олимпиадаларда 72 алтын, 125 күмүш жана 216 коло медаль алган. Биздин бүтүрүүчүлөр «Google», «Samsung», «Microsoft», «Coinbase», «Deloitte» жана башка сыяктуу дүйнөнүн эл аралык чоң компанияларында иштеп жатат, — деп жазылган билдирүүдө.

13-июлда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Түркияда 2015-жылдагы окуялардын эки жылдыгына байланыштуу Бишкек басма сөз жыйынын өткөрүп, анда диниятчы Фетхулла Гүлендин кыймылынын өкүлдөрү​ Кыргызстанга коркунуч келтирерин билдирген.

«Фетхулла Гүлендин террорчул кыймылынын өкүлдөрү дүйнөнүн 170 өлкөсүндө бар жана ал мамлекеттерде да мындай окуялар кайталанбайт деген кепилдик жок» деген Женгиз Камил Фырат анын алдында «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип​, Түркия «Сапат» билим берүү мекемесинин лицейлерине альтернатива катары Кыргызстанда «Маариф» аттуу окуу мектептерин сунуш кылганын жана расмий Бишкектен жооп күтүп жатканын айткан.

Түркияда 2016-жылы болгон төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек буга каршы кескин жооп берген жана түрк лицейлери өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген.

Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемеси былтыр «Сапат» болуп өзгөргөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын апрель айында Түркияга расмий сапар менен барганда да түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган «Сапат» лицейлерин жабуу зарыл экенин ишарат кылган. Жээнбеков анда «гүленчилер» тууралуу үн каткан эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар