16:50
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Депутат: Түрк элчисинин «Сапат» тууралуу билдирүүсүнө жооп бериш керек

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин билдирүүсүн ички иштерге кийлигишүү катары баалады.

Буга байланыштуу ал кыргыз дипломаттары тез арада жооп бериши керек деп эсептейт.

«Түрк элчиси Балыкчыда ачыла турган мектеп боюнча «ал ачылса болбойт, кыргыз-түрк мамилелерине зыяны тийип калат» деп өтө одоно билдирүү жасаптыр. Бул дипломатиянын эрежелерине да, элчинин статусуна да туура келбейт жана ички иштерге кийлигишүү болуп эсептелет. Куруучулар жергиликтүү болсо, анын бир бөлүгү да мамлекеттештирилген болсо — эти да, сөөгү да биздики. Биздин Тышкы иштер министрлиги буга тез арада жооп бериши керек», -деди депутат.

АКИpress агенттиги Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фырат Балыкчы шаарында «Себат/Сапат» мектеби ачылып жатканына нааразылыгын билдиргенин, «бул түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга пландалып жаткан сапарына терс таасирин тийгизиши ыктымал экенин» жазып чыкты.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек бул талапка кескин каршы жооп берген жана түрк лицейлери өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч келтирбей тургандыгын билдирген. «Себат» билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Кыргыз бийлигинин чечими менен ал «Сапат» болуп өзгөргөн.

Тышкы иштер министрлиги азырынча комментарий бере элек.

Эң көп окулган жаңылыктар