04:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жалал-Абаддагы өзгөчө кырдаалдар. 20 жарандын өмүрүн сактап калышты

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 2 өзгөчө кырдаал, ири өрт кырсыгы жана жер көчкү катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, өрттөн келип чыккан чыгымдардын жалпы көлөмү 16 миллион 480 миң 755 сомду түздү. Ал эми жер көчкүдөн зыян келген эмес. 

Мындан сырткары, шаар аймагында 32 жолу ар кандай өрт кырсыктар катталып, андан келтирилген материалдык зыян 17 миллион 250 миң 991 сомду түздү.

6 аралыгында куткаруучулар 20 жарандын өмүрүн сактап калышты. Мындан тышкары 1 мектептин имараты жана 6 турак жайлар корголгон. 5 автоунаа жана 50 миллион 835 миң сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып калды. 

Эң көп окулган жаңылыктар