15:09
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте жеңил унаа менен бетон аралаштыргыч унаа сүзүшүп, 3 киши жабыркады

Бишкекте жеңил унаа менен бетон аралаштыргыч унаа сүзүшүп, кесепетинен 3 киши жабыркады. Бул тууралуу ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бетон аралаштыргыч унаанын айдоочусу окуя болгон жерден кетип калган. Учурда тартип сакчылары айдоочуну издеп жатышат. Ал эми жеңил унааны айдоочуларды окутуучу окуу жайынын үйрөнчүк курсанты айдап бара жатканы аныкталды.

Окуя 7-Апрель менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар