10:59
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте белгисиз бирөөлөр «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сабап кетишти

Бишкекте белгисиз бирөөлөр «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сабап кетишти. Бул тууралуу ишкананын басма сөз катчысы Жибек Каракеева билдирди.

Анын айтымында, окуя Лущихин көчөсүндө болгон. Ишкананын кызматкерлери таштанды салынуучу контейнерлерди бошотуп, унаага жүктөп жүрүшкөн.

«Көчө абдан тар болгондугуна байланыштуу, белгисиз бирөөлөр келип кызматкерлерге унааны жолдон алууну айтышкан. Тазалыктын кызматкерлери ишти биротоло бүтүрүп коюу үчүн бир канча мүнөт күтүп турууну суранышкан. Бирок, жаштарга бул сунуш жакпай айдоочуну ары жакка алып барып сабап салышкан», — деди Жибек Каракеева.

Учурда сабалган айдоочу ооруканага жаткырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар