11:42
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өзбекстан Ооганстанга электр энергиясын экспорттоо көлөмүн көбөйтөт

Өзбек өкмөтү быйыл Ооганстанга экспорттоло турган электр энергиясынын көлөмүн көбөйтүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

«Өзбекэнерго» ишканасынын натыйжалуулугун арттыруу боюнча «Жол картага» ылайык, Өзбекстан быйыл октябрдын аягына чейин Ооганстанга электр энергиясын жана электротехникалык продукцияларды (тирөөчтөрдү, трансформаторлорду жана темир-бетон буюмдарды) экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү боюнча келишимдерге кол коюшу керек.

Өзбекстан ооган тараптын керектөөсүн эске алуу менен жыл сайын түзүлүп турчу келишимдер боюнча Ооганстанга 2002-жылдан бери электр энергиясын экспорттоп келет. Бул көрсөткүч жыл өткөн сайын көбөйүп, 2018-жылы тараптар болжол менен 2 миллиард кВт/саат электр энергиясын жеткирүү боюнча келишимге кол коюшкан.

Өзбекстан келечекте Ооганстанды Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык шакекчесине кошууну максат кылат. Бул «Сурхан — Пули-Хумри» деп аталган жаңы электр линиясын куруу менен ишке ашат.

Долбоордун болжолдуу жалпы баасы 150 миллион долларды түзсө, анын 32 миллиону Өзбекстандагы иштерди аткаруу үчүн жумшалат. Калган 118 миллион доллар Ооганстандагы иштерге багытталат. Долбоор өзүн 12 жылдын ичинде актайт деп күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума