USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Аткезчилик. Мыйзамсыз ташылган канаттуулардын эти аныкталды

15:38, 11 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Өлкө аймагына аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан 312 кутуга салынган канаттуунун эти кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ак-Жол чек-ара өткөрмө бекетинен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерүүгө алынган. Анда 312 даана кагаз кутуга салынган тооктун жана өрдөктүн эти табылды.

Билдирүүгө таянсак, канаттуунун эттерин өлкө аймагына алып кирүү боюнча тиешелүү документ болгон эмес. Эт азыктары Кытайдан ташылып келе жаткан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика