Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү унаа Кара-Балта суусуна түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерде 1992-жыл туулган А.у.С. аттуу жаран сууга агып кетти.
Куткаруучулар сууга аккан жаранды издешүүдө, азырынча натыйжа жок.