03:15
USD 69.33
EUR 79.37
RUB 1.05

Жыл башынан бери өлкө аймагында 57 киши сууга чөгүп каза болду

2018-жылдын башынан бери өлкө аймагында 57 киши сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Мухамед Сваров билдирди.

Маалыматка караганда, каза болгондордун ичинен отуз сегиз эркек, 6 аял, 13 жаш балдар.

Сууга түшүү сезону башталгандан бери 35 киши каза тапты. Сууга түшүп каза болгондордун саны боюнча Чүй облусу алдыда турат. Аталган өрөөндө 16, Жалал-Абад облусунда 12, Бишкекте 8, Ош шаарында 5, Ош облусунда 5, Баткенде 5, Ысык-Көл жергесинде 5 жана Талас аймагында 1 киши сууга чөгүп каза болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар